Качанкыга чейин орусча гана жаза берем деп өзүм-өзүмө суроо бердим. Жадагалса англисче да жаздым, бир гана жолу болсо дагы. Ошондуктан мындан ары кыргызча дагы жазып турайын деп чечтим. Негизи, эң башынан эле кыргызча жазам деп ойлогом, бирок эмнегедир жаза элек болчумун. Себеби деле белгилүү, чын-чынына келгенде. Деги кайсыл тилде ойлоном деп кээде ойлоп койом. Эң биринчиси, «орусча» деп ойго жооп келет. А бирок кудуреттүү орус тилинин жашоодо кезиккен кээ бир учурларын анчалык так сүрөттөй албаганын да сезип кетем. Кеп бул жерде тилдин өзүндө дагы эмес, тил өзү менен бирге ташыган маданий аспекттерде болсо керек. Анткени ар бир тил, анын ээси болгон элдин ички аң-сезимин, дилин, аны курчап турган табият, күндөлүк турмуштун реалияларын чагылдыргандан улам өнүгүп өсмөкчү.
А бирок чындап алганда, мага кыргызча жазуу бираз оор болушу мүмкүн, анткени алган илим-билимим негизинен орус тилинде болгон. Бирок ошонтсе дагы, аракет кылам.
Дароо эле жаза кетким келген нерсе — бул учурдагы кырнеттин кыргыз тилиндеги сайттарга аябай кедей болгондугу. Кыргыз тилиндеги «тирүү», мамлекеттин акчасына, эреже же жоболор ошондой болгондугу үчүн жасалган сайттарды эске албаганда, жокко эсе деп айтсам жаңылышпайм. Мага ишнебесеңер, баарыбыз сүйгөн Гуглдан сурап көрүңүздөр. Каалаган темага. Мен эксперимент катары, гуглдан эки жолу издөө салып көрдүм. Биринчисинде, Кыргызстан баракчаларын издесин деп, издөө сабына «дверь» деп жазып, канча барак табат экен деп энтерди бастым. Гуглдын жообу: » дверь үчүн табылган жалпы 5 390″. Ошону эле кыргызча сурап көрөсөм: «эшик үчүн табылган жалпы 516″ деген натыйжа берди. Албетте, бул эксперимент кынтыксыз эмес, бирок кыргызча маалыматты интернетте издеген ар бир киши мени менен макул болгонго мажбур болот: интернетте кыргызча кандайдыр бир маалымат табуу абдан оор.
Мен кырнеттин өнүгүүшүнө салым катары онлайн-китепкана сайтын ачайын деген оюм бар. Бирок бул проект жалгыз гана менин энтузиазмыма таянгандыгы үчүн жана убакыттын аздыгынан, качан ишке аша баштаарын, азырынча так айталбайм. Кантсе дагы, азырынча бул кичинекей күндөлүгүмө ойлорумду кыргызча да жазып турганга аракет кылып турам.
23rd Март 2009
Azat Kooman
Рубрика
Метки: 
бул тема дагы абдан актуалдуу!
кыргызча дагы жакшы жазат екенсин!
MEn azir Kyrgyzstanda bolbosom dagy bizdin til kandai sonun ekendigine koryp gatam. Men seni koldoim dosum sende Kudirettyy Kudai bergen gondomdyk bar ani sen Anin dankina koldon!!!
Siz azamatsyz !!!
Рахмат, Алтынай!